• 88.34
  • 95.27
  • 0.96

Коюу туман түштү, сак болгула! ЖКККББ айдоочуларга кайрылды

Коом 0

Бишкек, 07.12.23. /Кабар/. Аба ырайы кескин өзгөрүп, коюу туман каптап жаткандыгына байланыштуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылган башкы башкармалык (ЖКККББ) айдоочуларга кайрылып, жолдо сак болууга чакырды.

"Туман айдоочулардын жолдоо жүрүү кыймылын кыйындатышы мүмкүн. Жолдо жүрүүдө ылдамдыкты азайтып, алдыдагы унаа менен болгон аралыкты сактап, туманга каршы жарыктыктарды күйгүзүп, коопсуздук эрежелерин толук сактаңыз", - деп айтылат маалыматта.

ЖККБББ айрыкча ашуулар аркылуу алыскы аймактарга каттаган айдоочуларга кайрылып, дөңгөлөктөрдү кышкыга алмаштырууга, кошумча чырмоочу чынжырларды алып, техникалык жактан оң абалдагы унаалар менен гана жолго чыгууга чакырды.

Пикир

Оставить комментарий