• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Момуналиев “Кореянын дүйнөдөгү достору” программасынын кеңешчисин кабыл алды

Коом 0

Бишкек, 19-июль /Кабар/. КР Мамлекеттик кадр кызматынын директору Нурханбек Момуналиев кадр кызматындагы миссиясы аяктап жатканына байланыштуу Кореянын KOICA эл аралык кызматташтык агенттигинин “Кореянын дүйнөдөгү достору” программасынын кеңешчиси Ли Джунхону кабыл алды. Бул тууралуу аталган мамкызматтын басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушууда тараптар Мамлекеттик кадр кызматы менен KOICAнын “Кореянын дүйнөдөгү достору” программасы аркылуу кызматташтыкты мындан ары да бекемдөө багытында пикир алмашышты.

Н. Момуналиев Ли Джунхо мырзанын 2 жыл ичиндеги кадр кызматына кылган эмгегин баса белгилеп, KOICA менен КРнын Мамлекеттик кадр кызматынын кызматташуусун өнүктүрүүгө кошкон салымын өзгөчө баса белгиледи. Ошондой эле, биргелешкен маселелерди чечүүдөгү анын натыйжалуу иш-аракеттерин белгилеп, мындан аркы иштерине ийгиликтерди каалады.

Өз сөзүндө Ли Джунхо ага айтылган жылуу сөздөрү үчүн ыраазычылыгын билдирип, КРнын Мамлекеттик кадр кызматы мамлекеттик жана муниципалдык кызматты өнүктүрүү багытында алгылыктуу иштерди аткарып жатканын айтты.

Маалымат үчүн: «World Friends Korea» - долбоору Түштүк Корея өкмөтүнүн өнүгүп келе жаткан мамлекеттерди колдоо максатында, билим жана тажрыйба алмашууга багытталган долбоор болуп саналат.

Пикир

Оставить комментарий