Бишкек, 23.12.24. /Кабар/. Бишкекте Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында Кыргыз энергетикасынын түптөлгөнүнүн 90 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чара өтүүдө.
"Бүгүн биз Кыргыз энергетикасынын 90 жылдык мааракесин белгилеп жатабыз. Бул тармакта иштер 1934-жылы башталган. 90 жылдын ичинде чакан ГЭСтер курулган. 1960-жылдан баштап ири ГЭСтер курула баштаган. Учурда президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен бардык ГЭСтер модернизацияланууда", - деди энергетика министри Таалайбек Ибраев.
Анын айтымында, учурда Токтогул ГЭСинин 3 агрегатын модернизациялоо иштери аяктады. Ар бир жаңыланган агрегатка 60 МВт кубаттуулук кошулат. 2025-жылы төртүнчү блокту модернизациялоо аяктап, 1200 МВт жалпы кубаттуулукка дагы 240 МВт кошулат. Бул Токтогул ГЭСинин оңдоп-түзөөсүз 50-60 жыл үзгүлтүксүз иштөөсүн камсыздайт.
Мындан тышкары, учурда 1962-жылы курулган Үч-Коргон ГЭСинде реконструкциялоо иштери уланууда. Анда дагы 4 агрегат бар, бүгүн алардын биринчиси ишке киргизилүүдө. Жыл сайын бирден агрегат ишке киргизилет.
"Бизде жаңы ГЭСтерди куруу боюнча пландар бар. Биздин эң негизги жана башкы долбоорубуз - Камбар-Ата-1 ГЭСи. Бул ири долбоор. Кыргызстандын бюджетинен 4 млрд сомго жакын каражат бөлүндү. Азыркы учурда даярдык иштери жүрүүдө. Туннель казуу, көпүрө, жол, электр линиясын жана жумушчулар үчүн турак жай куруу иштери жүрүүдө.
Коңшу 3 өлкө - Казакстан, Өзбекстан жана Кыргызстан бул ГЭСти биргелешип курууга макулдашкан. Сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү. Мен техникалык-экономикалык негиздемеси бүтсө, 6-6,5 жылдын ичинде ГЭС курулуп бүтөт", - деди министр.
Пикир
Оставить комментарий