• 88.34
  • 95.27
  • 0.96

"Кепилдик фонду" жыл башынан бери 135 млн. сомго 90 кепилдик берди

Экономика 0

Бишкек, 23.04.19. /Кабар/. 2019-жылдын 3 айынын ичинде "Кепилдик фонду" ААКсы 135 млн. сомго 90 кепилдик берген. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында фонддун төрагасы Малик-Айдар Абакиров кабарлады.

Анын айтуусу боюнча, аймактарды өнүктүрүү жана санариптештирүү жылынын алкагында “Кепилдик фонду” биринчи кезекте аймактагы ишкерлерди колдоо боюнча иш жүргүзүүдө.

Атап айтканда, 1-кварталдын ичинде 135 млн. сомго 90 кепилдик берилген. Чүй облусунун ишкерлерине 19 кепилдик – 22%, Бишкек – 23 (25%), Нарын облусу – 15 (17%), Ысык-Көл облусу – 11 (12%), Жалал-Абад облусу – 10 (11%), Баткен облусу – 7 (8%), Ош облусу – 3 (3%), Талас облусу – 1 (1%), Ош шаарында – 1 кепилдик (1%) берилген.

Кепилдик айыл чарбага – 40, айыл чарба азыктарын кайра иштетүү – 2, өнөр жай – 13, жана башка: туризм, транспорта, курулуш, соода жана кызмат чөйрөлөрүнө берилген.

Пикир

Оставить комментарий