Бишкек, 23.12.24. /Кабар/. Камбар-Ата-1-ГЭСин ишке киргизүү Токтогул ГЭСинин оптималдуу режимде иштөөсүнө мүмкүндүк берет. Бул туурасында президент Садыр Жапаров бүгүн Бишкекте энергетиканын 90 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чарада билдирди.
Мамлекет башчысы белгилегендей, кылым долбоору аталган Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулушу азыркы тапта Казакстан менен Өзбекстандын катышуусунда жана Дүйнөлүк банктын колдоосунда активдүү фазада турат.
Жайга чейин ГЭСтин дамбалык базасын жана башка инфратүзүмдүк объектилерди куруу иштери башталат.
“Камбар-Ата-1 ГЭСи ишке киргизүү Токтогул ГЭСинин оптималдуу режимде иштөөсүнө мүмкүндүк берип, жаз-жай мезгилинде коңшу республикаларга суу берүүнү жана күз-кыш мезгилинде Кыргызстандын электр энергиясына болгон керектөөсүн толугу менен камсыз кылат. Тагыраак айтканда, бул ГЭСтин курулушу – Кыргызстандын энергетикалык көз карандысыздыгын камсыз кылууга багытталган даңгыр жол. Ошону менен бирге Борбор Азия чөлкөмүндө суу ресурстарын натыйжалуу башкарууда Камбар-Ата-1 ГЭСинин эбегейсиз мааниси ортого чыгат”, - деди президент.
Пикир
Оставить комментарий