• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Автобуста кармалган чөнтөкчү жүргүнчүлөр тарабынан сабалды

Коом 0

Бишкек. 31.05.19 /Кабар/. 28-майда Ашхабаддагы жүргүнчү ташыган автобуста чөнтөкчү кармалды. Бул тууралуу «Азаттыктын» түркмөн кызматынын окуяга күбө болгон кабарчысы билдирди.

Анын айтымында, чөнтөкчүнү жүргүнчүлөр сабап, андан кийин автобустан түшүрүп жиберишкен.

«Кызыгы, адамдар полицияны чакырышкан жок. Буга себеп — алар полицияга ишенишпейт жана алар менен байланышкылары келбейт», — деди кабарчы.

Автобустун жүргүнчүлөрүнүн бири акыркы кездери ашхабаддыктардын көбү полицияны кийлигиштирбестен эле, маселелерин өз алдынча чечип алууга өтүшкөнүн белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий