• 87
  • 90.41
  • 0.84

Камбар-Ата-1 ГЭСин куруу. Энергетика министри даярдык иштерин текшерди

Аймак 0

Бишкек, 21.08.24. /Кабар/. Күн мурун энергетика министри Таалайбек Ибраев Жогорку Кеңештин депутаты Кундузбек Сулайманов менен бирге Камбар-Ата-1 ГЭСин курууга болгон даярдык иштеринин аткарылышын текшерип, жеринде тийиштүү жетекчилер менен көчмө жыйын өткөрдү.

Ведомстводон маалымдашкандай, жетекчилер жолду куруу жана бетондоо, көпүрө куруу, туннелди казуу, 110 кВ аба чубалгысын тартуу, ПС-110/6 кВ көмөк чордонун жана жумушчулар үчүн убактылуу шаарча куруу иштери тууралуу маалымат алышты.

Тийиштүү жетекчилер министрге 31-августка чейин туннелдин калган бөлүгүн казып бүткөөрүн билдиришип, ал ГЭСти куруу ишин өз убагында баштоо үчүн даярдык иштерин графикке ылайык өз убагында бүткөрүүнү тапшырды.

"Азыр мен ГЭСти курууга болгон даярдык иштеринин аткарылышын толук текшерип чыктым. Чынында жумуштун көпчүлүк бөлүгү аткарылып бүтүптүр. Бирок, план боюнча 2025-жылы "Камбар-Ат-1 ГЭСинин курулуш иши башталышы керек. Андыктан, быйыл даярдык иштери 100 пайыз графикке ылайык өз убагында аткарылып бүткөрүлүшү керек. Суук түшүп, жер тоңго айланса жумуш оорлошуп, иштөө темпиңер басаңдай баштайт. Ошондуктан кыш мезгили киргенге чейин негизги жумуштарды бүткөрүү шарт”, - деди министр.

Эскерте кетсек, ГЭСке кирүүчү жолдун жалпы узундугу 5,6 чакырымды түзөт, анын 4,8 чакырымы бүттү. Ал эми туннелдин 113 метри казылып бүттү. 110 кВ аба чубалгысы боюнча иштер аткарылып, жалпы узундугу 15 км зым тартылып, 17 мамычадан 40 мамычага чейин зым тартылды. Жалпысынан 12 электр мамысы орнотулду.

Пикир

Оставить комментарий