• 85.06
  • 93.51
  • 0.88

Камбар-Ата-2 ГЭСи күз-кыш мезгилине 60 пайыз даяр – Энергетика министрлиги

Экономика 0

Бишкек, 09.10.24. /Кабар/. "Электр станциялар" ААК Камбар-Ата-2 ГЭСин 2024-жылга коюлган пландын негизинде жылдык оңдоо иштерин графиктин алкагында аткарууда. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, алдыдагы 2024-2025-жылдардын күз-кыш мезгилинен ийгиликтүү өтүүгө даярдыктардын алкагында Камбар-Ата-2 ГЭСин оңдоп-түзөөдөн өткөрүп, айрым жабдууларды алмаштыруу менен жаңылоо иштери жүргүзүлүүдө жана учурда ГЭС күз-кыш мезгилине 60% даяр. Ал эми аткарылган иштердин катарын төмөнкүдөй иштер толуктайт:

1. ГА-1 гидроагрегатынын учурдагы ремонту аткарылууда. Технологиялык автоматика боюнча тейлөө иштери жүрүп жатат. Насос М2 МНУ кезектеги оңдоодон отуп жатат.

2. Бекитилген графикке ылайык суу сактагычты топтолгон ылайлардан агызуу жолу менен тазалоо иштери аткарылууда

3. Т-1 трансформаторунун учурдагы оңдоо иштери толугу менен аткарылып бүттү.

4. ГТСН-21 өздүк керектөөлөрдүн негизги трансформаторун оңдоо , Т-51 агрегаттык керектөөлөрдүн трансформаторун оңдоо иштери аткарылууда.

5. ВТ-Г1 түзөткүч трансформаторунда изоляторлорун тазалоо жана автоматтык шкафтарын техникалык тейлөөдөн өткөрүү иштери аткарылды.

6.Өрт жумуштарын колдонуу менен жумушчу дөңгөлөктү оңдоо , ГА-1 дин валынын суу кармоочу тетиктерин оңдоо иштери аткарылууда.

Мындан тышкары, алдыда суу сактагычты тазалоо учурунда сууну көзөмөлдөө иштери аткарылат. Мунун жыйынтыгы менен Камбар-Ата-2 ГЭСи күз-кыш мезгилине ноябрь айында толугу менен 100% даяр болот.

Белгиленгендей, аткарылып жаткан иштер жабдуулардын ишенимдүүлүгүн сактоого жана алдыдагы күз-кыш мезгилинде станциянын үзгүлтүксүз иштешин камсыз кылууга багытталган.

Пикир

Оставить комментарий