• 84.2
  • 93.8
  • 0.91

Камчыбек Ташиев атайын кызматтын ардагерлери менен жолукту

Коом 0

Бишкек, 24.09.24. /Кабар/. Бүгүн министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев ардагерлер менен кезектеги жолугушуусун өткөрдү.

Атайын кызматтан билдиришкендей, жолугушууда Ташиев өлкөдөгү реформалардын жүрүшү, улуттук коопсуздук органдары тарабынан жеке жактардын, коомдун, мамлекеттин кызыкчылыктарын коргоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер, өлкөнүн ички жана тышкы коопсуздугун камсыз кылуу боюнча УКМКнын ишмердигинин жыйынтыктары тууралуу ардагерлерге кыскача маалымат берди.

Ошондой эле төрага өлкөдө уюшкан кылмыштуу топтордун ишмердүүлүгүн толугу менен жок кылуу, коррупцияны жоюу, мурда мыйзамсыз менчиктештирилген объектилерди (завод-фабрикалар, имараттар, жер тилкелери ж.б.) мамлекеттин менчигине кайтаруу, өлкөдөгү туруктуулукту камсыз кылуу боюнча көрүлүп жаткан чаралар тууралуу да кошумчалады.

Аны менен катар жолугушууда аймактык жана эл аралык аскердик-саясий кырдаал, КМШ, ЖККУ, ШКУ ишмердүүлүгүнүн алкагында коопсуздук органдарынын өз ара аракеттенүүсү, коңушулаш жана стратегиялык өнөктөштөр менен азыркы учурдун чакырыктарын жана коркунучтарын биргелешип жеңүү жолдору талкууланды.

УКМК төрагасы жаңы Кыргызстанды курууда, элдин жыргалчылыгын жогорулатууда жана эл аралык саясатта өлкөнүн татыктуу ордун камсыз кылууда коопсуздук органдарынын, башка күч түзүмдөрүнүн ардагерлеринин дараметинин, коомдук уюмдардын жана кошуундардын, бейөкмөт уюмдардын кошкон салымынын ролун жана маанисин белгиледи. Аны менен катар атайын кызматтын башчысы мамлекет эмгек ардагерлерине – мугалимдерге, инженерлерге, дарыгерлерге, илимпоздорго, карапайым кызматкерлерге карызы чоң экенин айтып, аларды татыктуу социалдык камсыздоо мамлекеттин милдети экендигин баса белгиледи.

Соңунда УКМК башчысы ардагерлердин урматына түшкү тамак берип, алардын күжүрмөн эмгеги жана активдүү жашоо позициясы үчүн ыраазычылык билдирди.

Пикир

Оставить комментарий