Бишкек, 13.07.22. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Камчыбек Ташиев ага ачык кайрылуу жолдогон бир катар курулуш компаниялардын жетекчилери менен жолугушту. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Куруучулардын ачык кайрылуусу Бишкек шаарынын түштүк зонасында курулуш объектилерине техникалык шарттарды берүүнүн жана аларды туташтыруунун Тартиби жана шарттары жөнүндө жобону жокко чыгаруу сунушуна байланыштуу саналат.
Курулуш компанияларынын өкүлдөрү бул маселе үч жылдан бери чечилбей келе жаткандыгын, ошол эле учурда жүктөмдү эсептөө колдонуудагы нормаларга туура келбестигин жана андан он эсе жогору экендигин белгилешти.
Өз кезегинде Ташиев тармактык мамлекеттик органдарга түзүлгөн кырдаалды иликтеп чыгууну тапшырды жана салыктарды ак ниет төлөгөн ишкерлерди колдоого алуу мамлекеттик саясаттагы артыкчылыктуу багыттардын бири экендигин баса белгиледи.
Пикир
Оставить комментарий