• 84.28
  • 94.07
  • 0.91

Ташиев эрежесиз уруш боюнча жеңишке жеткен атайын багыттын кызматкери менен жолукту

Коом 0

Бишкек, 02.08.24. /Кабар/. УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев эрежесиз уруш боюнча жеңишке жетишкен атайын багыттын кызматкери менен жолукту. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

17-июлдан 20-июлга чейин Алматы шаарында “OCTAGON 60” эрежесиз уруш боюнча турнири өткөн. Мелдешке УКМКнын “А” атайын багыттагы кызматынын кызматкери Б.у.И. катышып келди.

Башкы титулдук урушта атайын багыттын кызматкери 1-раундда ирандык атаандашы Акбар Бекхяпурду нокаут менен жеңип, оор салмактагы чемпиондук курун коргой алды.

УКМКдан белгилешкендей, Камчыбек Ташиев мушкерди титулун коргошу менен куттуктап, акчалай сыйлык менен сыйлады.

Пикир

Оставить комментарий