• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

"Бишкекжашылчарба" муниципалдык ишканасы бак-дарактарды кышка даярдоодо

Коом 0

Бишкек, 29.10.21. /Кабар/. «Бишкекжашылчарба» муниципалдык ишканасынын кызматкерлери бак-дарактарды суук аба ырайына жана нөшөрлөгөн жаан-чачынга даярдоого киришти.

Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдиргендей, ишканын кызматкерлери сейил бак аймактарында, борбордук көчөлөрдө, кышкы жаан-чачынга туруштук бере албаган жана түнкүсүн жол көрүнбөй калган жерлерде куураган бутактарды санитардык кыркуу жүргүзөт.

Учурда Биринчи май районунун аймагында, Эмен паркынын, Таттыбүбү Турсунбаева атындагы, Эл Ынтымагы скверлеринин аймактарында, ошондой эле Абдымомунов, Орозбеков, Панфилов көчөлөрүнүн боюнда куураган бутактарды тазалоо иштери жүрүп жатат.

Санитардык кыркуу профилактикалык максатка ээ экенин белгилей кетүү керек. Бул жемиш жана декоративдүү көчөттөр үчүн колдонулат.

Куураган бутактар дарактын астынан өтүп бара жаткан адамдар, токтоп турган унаалар, имараттар жана ландшафттык объекттер, ошондой эле коммуникациялар коркунуч жаратат.

"Урматтуу шаардыктар! Куураган бутактардын кулап түшкөнүнө күбө болсоңуз же санитардык бутоо иштерин жүргүзүү керек болсо 37-53-30 немерине, ошондой эле муниципалитеттин 1840 жана 1850 колл-борборуна кайрылыңыз. Фото жана видеолорду WhatsApp: 0554 182 номерине жөнөтсөңүз болот. -185", - деп айтылат мэриянын билдирүүсүндө.

Пикир

Оставить комментарий