• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Камчыбек Ташиев Ош – Ноокат жолунун абалы менен таанышты

Аймак 0

Бишкек, 22.07.24. /Кабар/. Бүгүн президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев Ош – Ноокат – Раззаков жолундагы абал менен таанышты.

Жеринде Камчыбек Ташиевге транспорт жана коммуникациялар министринин милдетин аткаруучу Абсаттар Сыргабаев, президенттин Ош облусундагы өкүлү Элчибек Жантаев маалымат беришти.

Камчыбек Ташиев Ош – Ноокат жолунда иштин жай жүрүп жатканын белгилеп, октябрь айынын аягына чейин курулуш иштерин бүтүрүү милдетин койду.

Иш сапардын алкагында Камчыбек Ташиев жергиликтүү тургундар менен жолугуп, алардын арыз, сунуштарын укту. Маселелерди чечүү жагын жана жол курулушунун сапатын өз көзөмөлүнө алаарын айтты.

Камчыбек Ташиев жергиликтүү бийлик өкүлдөрүн, жетекчилерди таза иштөөнү, коюлган тапшырмаларды так аткарууну белгиледи. Мамлекеттин акчасын сарамжалдуу пайдаланып, сапаттуу жумуш аткарылбаса катаал чаралар көрүлөрүн эскертти.

Пикир

Оставить комментарий