• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Казарман-Ак-Талчат унаа жолу кар көчкүдөн тазаланып, ачылды

Аймак 0

Бишкек, 17-апрель /Кабар/. 2017-жылдын 17-апрель күнү саат 08:30 чамасында Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунда алдын ала алынган маалымат боюнча, Казарман-Ак-Талчат унаа жолунун 72-чакырымында көлөмү болжол менен 1800м3 кар көчкү түшүп, унаа жолду жаап калган. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.

Жабыркагандар жок.

Жолду тазалоого №18 жол тейлөө ишканасынан 1 бульдозер жана 1 экскаватор тартылып, саат 11:45те кар көчкү толугу менен тазаланып, ачылган.

Пикир

Оставить комментарий