• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Ош шаарында кичи автобустарга рейд жүргүзүлдү

Аймак 0

Бишкек, 10.12.21. /Кабар/. Ош шаарында кичи автобустардын кечки саат 19:00дөн кийинки каттоосун көзөмөлгө алуу үчүн рейд жүрдү. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, бүгүн вице-мэр Сонунбек Жунусбаев тийиштүү тармактардын жетекчилери менен биргеликте коомдук транспорттор токтоочу аялдамаларга барып, кичи автобустардын каттамын текшерүүгө алды. Анда интервалда белгиленген убакыт сакталып жатканына байкоо салынды.

"Бүгүнтөн башталган рейд бир ай бою улантылат. Анда кечкисин да линияга чыгуу талабына макул болгон ЖЧКларга көзөмөл жүрөт. Кечки 21:00гө чейин айдоочуларды камсыз кыла албаган ЖЧК менен түзүлгөн келишим бузулат", - деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, 1-декабрдан баштап кичи автобустарга болгон тариф көтөрүлгөн болчу. Бирок шаардыктар тарабынан кечкисин айдоочулар жүргүнчү ташыбай жатат деген нааразычылыктар айтылып келген. Шаар мэриясы бул маселени чечүү аракетин көрүүдө.

Пикир

Оставить комментарий