• 88.34
  • 95.27
  • 0.96

Ат-Башы суусунун жээгин бекемдөө иштери жүрүүдө

Аймак 0

Бишкек, 21.04.22. /Кабар/. 19-апрель күнү Ат-Башы районунун Талды-Суу айыл өкмөтүнө караштуу Өзгөрүш айылынын Таш-Тумшук тилкесинде жээк эрозиясына учурап жаткан аймакта Ат-Башы суусунун нугун буруу жумушу жүргүзүлүүдө.

өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, суунун нугун буруу жумуштарын жүргүзүүгө КРнын ӨКМнин Нарын облусу боюнча башкармалыгы тарабынан 500 литр дизелдик күйүүчү май бөлүнүп берилип, Талды-Суу айыл аймагы тарабынан “Жаңы курулуш” ЖЧКсынын 1 даана LiuGong үлгүсүндөгү эксковатор жана 1 даана "Хово" үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаа тартылган.

Учурда 400 метр узундукта шагыл төгүлүп, дамба жасалып, суунун нугун буруу жумуштары жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий