Камчыбек Ташиев: VAR-системасын пайдалануу – футболду өнүтүрүүдөгү чоң кадам

Спорт 0

Бишкек, 29.06.24. /Кабар/. Бүгүн Жалал-Абад шаарынын "Курманбек" стадионунда 1ХВЕТ Кыргызстандын Премьер-лигасынын алкагында орун ала турган «Мурас Юнайтед» - «Дордой» беттеши ата-мекендик футбол үчүн тарыхый болот. Аталган оюнда футбол боюнча Кыргызстандын чемпионаттар тарыхында алгачкы жолу калыстарга видео жардам системасы (VAR) колдонулат.

Кыргыз футбол биримдигинин президенти Камчыбек Ташиевдин айтымында, футбол инфраструктураларын жакшыртуу жана VAR-системасын ишке киргизүү боюнча талыкпаган иш аракеттери өз жемишин берүүдө.

"КФБ жакында толук реконструкциядан кийин ачылган "Курманбек" стадионунда VAR-системасын колдонууга ФИФАдан макулдук алды.

Бүгүн биринчи жолу биздин футбол тарыхыбызда VAR-системасын колдууга киргизебиз. Бул өлкөдөгү футболду өнүктүрүүдөгү чоң кадам деп эсептейм жана жакынкы келечекте биз Премьер-лиганын бардык оюндарында системаны киргизебиз.

Ошондой эле, Борбордук Азия футбол ассоциациясынын мелдештеринин тарыхында алгачкы жолу VAR-системасынын колдонулушу, Борбор Азиядагы футболдун чоң ийгилиги деп эсептейм. Бул турнирди Кыргызстан кабыл алып жатканы, биз үчүн чоң сыймык", - деп белгиледи КФБ президенти Камчыбек Ташиев.

Беттешти өзбекстандык адис Темурбек Тухтасинов жетектейт. Башкы калыска каптал сызыктарда ата-мекендик адистер – Джалалдинов Хусан жана Сергей Грищенко жардам беришет. Ал эми Алимардон Байназаров (Кыргызстан) резервдик арбитр болуп дайындалды. Ошондой эле, VAR-системасында да Өзбекстандык адистер Рахимов Акмалжон (VAR), Абдурахманов Зиёдулло (AVAR) жана Жахонгир Саидов (RO) иштешмекчи.

Пикир

Оставить комментарий