• 88.15
  • 95.79
  • 0.98

Жуманазарова финалдагы жеңилүүсү жөнүндө: Тилекке каршы, медалды эрте тагынып алдым окшойт

Спорт 0


Бишкек, 28.04.22. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйынында кыз-келиндер арасында күрөш боюнча дүйнө чемпиону Мээрим Жуманазарова Азия мелдешиндеги күрөшү тууралуу пикирин билдирди.

Жуманазарова Азия чемпионатына жакшы ой-тилектер жана мыкты даярдык менен барганын айтат.

“Оюмда алтын алам деп, тилекке каршы, медалды эрте тагынып алдым окшойт. Бирок ага чейин монголиялык кыз менен күрөшүп жатып бутумду кокустатып алгам. Жакшы күрөш көрсөтө алгам жокмун. Өзүмдү дагы сактап туруп алдым”, - дейт спортчу.

Эскерте кетсек, Монголиядагы Азия чемпионатында Мээрим Жуманазарова 68 кг салмакта күмүш байгенин ээси болгон.

Жуманазарова 2021-жылы Токио Олимпиадасынын коло байге ээси жана кыз-келиндер арасында күрөш боюнча дүйнө чемпиону болгон. Ошондой эле Казакстандагы өткөн мелдеште Азия чемпиону аталган.

Пикир

Оставить комментарий