• 85.8
  • 92.87
  • 0.89

Камчыбек Ташиев Жалал-Абад шаарындагы инновациялык мектептен кабар алды

Аймак 0

Бишкек, 25.10.24. /Кабар/. Бүгүн министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Жалал-Абад шаарындагы Сатыбалды Давлетов атындагы №14 инновациялык мектеп лицейине барды.

Атайын кызматтан билдиришкендей, Ташиев мектеп жамааты менен жолугуп, билим уясынын бүгүнкү абалы менен таанышып чыкты.

Мектепте учурда 2570 окуучу билим алат. Бирок, мектеп болгону 520 балага ылайыкташкан. Мында спорт залы, жыйындар залы, ашканасы жана спорт аянтчасы дагы каралган эмес.

Камчыбек Ташиев мугалимдер жамааты менен жеринде маселени көргөн соң, тийиштүү жетекчилерге, аталган мектептеги муктаждыктарды толугу менен жоюуну тапшырды. Ага ылайык, мектепке кошумча жаңы 4 кабаттуу окуу корпусу, спорт залы жана спорт аянтчасы курулат.

Мектепке жакын жайгашкан, буга чейин жеке тараптарга өтүп кеткен 50 сотых жер тилкеси УКМК тарабынан мамлекетке кайтарылган. Ошол жер тилкесине эми мектептин имараты жана башка окуучулар үчүн керектүү жайлар курулат.

Камчыбек Ташиевдин тапшырмасына ылайык, курулуш иштери жакынкы аралыкта башталып, келээрки жылдын аягына бүткөрүлөт.

Камчыбек Ташиев бул билим уясына заманбап шарттарды тузүү тапшырмасы президент Садыр Жапаровдун талабына ылайык жүргүзүлүп жатканын жана көзмөлдөө жагы Камчыбек Ташиев өзүнө жүктөлгөнүн белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий