Бишкек, 01.09.22. /Кабар/. Мамлекеттин жана Кыргызстан элинин алдында сиңирген өзгөчө эмгеги үчүн "Ак Шумкар" өзгөчө белгисин тапшыруу менен "Кыргыз Республикасынын баатыры" эң жогорку артыкчылык даражасы министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Ташиев Камчыбек Кыдыршаевичке ыйгарылды.
Президенттин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, тийиштүү жарлыкка мамлекет башчы Садыр Жапаров кол койду.
Пикир
Оставить комментарий