• 88.34
  • 95.27
  • 0.96

Ала-Тоо аянтынан 4 тонна таштанды чыгарылды

Коом 0

Бишкек, 01.09.22. /Кабар/. Эгемендүүлүк күнүнө карата өткөн иш-чарадан соң Бшкектеги Ала-Тоо аянтынан жалпы 4 тоннадан ашык таштанды чыгарылды. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, тазалоо иштерине “Тазалык” ишканасынан жалпы 60 кызматкер, 8 атайын техника анын ичинен 5 таштанды чыгаруучу жана 3 жолду жуучу техника тартылган.

“Майрам учурунда аянтка жалпы таштанды салуучу 20 пластик челек жана 20 даана биодаараткана орнотулган”, - деп белгилешти муниципалитеттен.

Ошондой ишкананын кызматкерлери сахнаны, тосмолорду орнотушкан.

Эскерте кетсек, 2021-жылы 31-августта да аянттан жалпы 4 тоннага жакын таштанды чыгарылган.

Пикир

Оставить комментарий