• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карыздар тууралуу маалыматты онлайн түрүндө алса болот

Экономика 0

Бишкек, 06.12.19. /Кабар/. Камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карыздар тууралуу маалыматты эми онлайн түрүндө алса болот. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, үстүбүздөгү жылдын 9-декабрынан тартып мамлекеттик сатып алуулар конкурсунун катышуучуларына (жеткирүүчүлөргө) камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карыздар жөнүндө маалыматты Мамлекеттик сатып алуулар порталы аркылуу электрондук түрдө берүү боюнча сервис ишке киргизилет.

Жаңы сервис мамлекеттик сатып алуулар конкурсунун катышуучуларына камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карызы бар же жок экендиги жөнүндө маалыматты кагаз жүзүндө эмес, онлайн режиминде алууга мүмкүндүк берет.

Бул электрондук кызмат субъекттер үчүн салык органына келүү убактысын үнөмдөөгө жана кезекте туруу зарылдыгын жоюуга мүмкүндүк берет, эң негизгиси – салык органынын кызматкери менен түздөн-түз байланышта болбойт.

Конкурстун катышуучусу (жеткирүүчү) камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча маалыматтарды толтуруу үчүн Мамлекеттик сатып алуулар порталы аркылуу конкурстук табыштаманы толтурууда "Квалификациялык талаптар" менюсуна кирип, "Конкурстун катышуучулары Кыргыз Республикасында камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөө боюнча өздөрүнүн милдеттенмелерин аткарышы керек" пунктун тандап алышы керек. “МСКга суроо” кнопкасын басканда ачылган терезеден система камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карызынын бар же жок экендиги тууралуу МСКнын маалыматтар базасынан автоматтык түрдө маалымат берет.

Белгилей кетсек, КР Социалдык фондунун эсептерин тейлөөчү коммерциялык банктын бөлүмдөрү ырастап, “АСВ” системасына төлөм келип түшкөндөн кийин карыз жоюлду деп эсептелет.

Камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карызы бар болсо, жеткирүүчүнүн (подрядчынын) конкурстук табыштамасы сатып алуучу уюм тарабынан четке кагылат. Ушуга байланыштуу, МСК конкурстун катышуучуларын (жеткирүүчүлөрдү) тендерге ийгиликтүү катышуу үчүн камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча мөөнөтү келип чыкканга чейин аларды алдын ала жоюуга чакырат.

"Ошондой эле ушул жылдын 12-июнунан бери Мамлекеттик сатып алуулар порталы аркылуу салык карызы жөнүндөгү маалыматты мамлекеттик сатып алуулар конкурсунун катышуучуларына (жеткирүүчүлөргө) берүү сервиси иштеп жаткандыгын эскерте кетебиз", - деп кошумчалашты ведомствонун басма сөз кызматынан.

Пикир

Оставить комментарий