• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Кант диабети дүйнө жүзү боюнча ар бир 5 секунд сайын бир адамдын өмүрүн алат

Ден соолук 0

Бишкек, 20.02.22. /Кабар/. Бишкекте Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун техникалык колдоосу менен Саламаттыкты сактоо министрлигинин, Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун (ДССУ) өкүлдөрүнүн жана КРнын саламаттык сактоо уюмдарынын кызматкерлеринин катышуусунда Кыргызстанда кант диабетинин аныкталышынын төмөндөп кетишине байланыштуу тегерек стол болуп өттү.

Тегерек столдун максаты - Кыргызстандагы баштапкы медициналык-санитардык жардамдын деңгээлинде кант диабетин эрте диагностикалоо көйгөйлөрүн талкуулоо жана чечүү жолдорун аныктоо үчүн бирдиктүү аянтчаны түзүү.

Кант диабети (КД) 21-кылымдын илдети деп жарыяланган жана Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун маалыматы боюнча, 2030-жылга карата өлүмдүн жетинчи негизги себеби болуп калат деп болжолдонууда. Бүгүнкү күндө дүйнө жүзү боюнча 350 миллионго жакын адам бул өнөкөт оорудан жапа чегишет. Бейтаптардын 90% 2-типтеги кант диабети менен ооруйт, ал ашыкча салмакка байланыштуу инсулинге резистенттүүлүк (кабыл албоочулук) жана уйку безинин бета-клеткаларынын инсулинди жетиштүү санда өндүрүү жөндөмдүүлүгүнүн начарлашынын айкалышы менен мүнөздөлөт. Инсулин жетишсиздигинин натыйжасында кандагы канттын деңгээли көтөрүлөт жана бул организмдин көптөгөн системалары үчүн уулуу.

"Кант диабети – майыптуулукка алып келген эң кеңири тараган оорулардын бири, анын өтүшүп кетиши өлүмгө алып келет. Саламаттыкты сактоо министрлиги Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун “Кант диабетин көзөмөлдөө” долбоорунун алкагында кант диабетин алгачкы баскычта аныктоо үчүн скрининг жүргүзүүнү пландоодо”, - деп билдирди Саламаттыкты сактоо министрлигинин башкы адиси Нургүл Ибраева.

Баштапкы медициналык-санитардык жардамдын деңгээлинде КД менен күрөшүүнүн натыйжалуулугунун көрсөткүчтөрүн талдоонун жыйынтыгы боюнча Кыргызстанда кант диабетинин алгачкы стадиясында аз аныкталгандыгы белгиленген.

Кыргыз мамлекеттик кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу медициналык институтунун эндокринология курсунун башчысы Роза Султаналиеванын маалыматы боюнча, акыркы жылдары Кыргызстанда, дүйнөнүн башка мамлекеттериндегидей эле, кант диабети менен ооругандардын саны 3.4 эсеге өскөн, анын ичинде 96% ын 2-типтеги кант диабети менен ооругандар түзөт.

"Бүгүнкү күндө кант диабети дүйнөнүн бардык өлкөлөрүнүн саламаттыкты сактоо тармагына чакырык таштады. Кант диабети менен ооругандардын саны катастрофалык түрдө өсүп, чоң оорчулук жаратууда, анткени ал системасынын бардык органдарына таасир этет. Дүйнөдө ар бир 5 секундда 1 адам кант диабетинен каза болот. КД өтө кымбат оору болуп эсептелет, Кыргыз Республикасында бул ооруну дарылоого мамлекеттик бюджеттин 20-25% жумшалат. Оорунун алдын алуу алда канча арзан. Андыктан сергек жашоо образын кармангыла, туура тамактанып, салмагыңарга көңүл бургула", - деди Роза Султаналиева.

Пикир

Оставить комментарий