Кант шаарына таштандыларды кайра иштетүүгө инвестиция тартылды

Аймак 0

Бишкек, 21.05.24. /Кабар/. Кант шаарына таштандыларды кайра иштетүүгө инвестиция тартылды. Бул тууралуу президенттин Чүй облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, Кант шаардык мэриясы менен “Таза Био Сервис” ЖЧКнын ортосунда “Калдыктарды сорттоо пунктун түзүү жана катуу тиричилик калдыктарынын жалпы массасынан пайдалуу функцияларды бөлүп алуу үчүн таштандыларды автоматтык түрдө сорттоочу линияны ишке ашыруу, андан ары экинчи зат катары пайдалануу жана жер участогун тегиздөө жана рекультивациялоо” боюнча меморандумга кол коюлду.

Анын алкагында алгач 10 млн сом инвестиция тартылса, келечекте долбоорду толук ишке ашыруу үчүн дагы 90 млн сом инвестиция тартылмакчы.

Белгилей кетсек, Кант шаардык мэриясынын балансында турган 11,2 га таштанды полигону боюнча ишке ашырыла турган “Экотехнопарк “Сары Өзөн” долбоорунун негизинде келечекте RDF- күйүүчү май (топливо) заводун куруп, 100 адамды жумуш орду менен камсыздайт. Күйүүчү майды Кант цемент заводуна сатуу боюнча сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү.

Пикир

Оставить комментарий