• 85.5
  • 93.28
  • 0.89

Кант шаарында кант кызылчасын кабыл алуу эки саатка узартылды

Коом 0

Бишкек, 16.10.24. /Кабар/. Канттагы кант кызылчасын кабыл алуу пункттары күчөтүлгөн иштөө режимине өтөт.

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, быйылкы жылы Чүй облусундагы дыйкан-фермерлердин кант кызылчасын өстүрүүдөгү жаңы заманбап прогрессивдүү алдыңкы технологияны колдонуу менен мол түшүм алышкандыктан, бүгүнкү күнгө карата 6 миң га аянтта кант кызылчасы жыйналып, гектарынан 610 центнерден түшүм жыйналып, жалпы дүң түшүм 366 миң тоннаны түздү.

Учурда кант кызылчасын кабыл алуу пункттарында кант кызылчасын тапшыруу учурунда унаалардын кезегин жоюу максатында Айыл чарба министрлиги, президенттин Чүй облусундагы өкүлчүлүгүнүн, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, күч түзүмдөрүнөн турган кызматкерлери биргеликте төмөнкү иш-чараларды уюштуруу сунушталды:

  • бардык кант кызылчасын кабыл алуу пункттары күчөтүлгөн тартипке өткөрүлүп, кант кызылчасын кабыл алуу эртең мененки саат 08:00дөн кечки 22:00гө чейин эки саатка узартылып, дем алышсыз иштөө тартибине өткөрүү;
  • Кант кызылчасынын түшүмүн кыска мөөнөттө кабыл алууну камсыздоого багытталган график иштеп чыгуу;
  • Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу "Кыргыз темир жол" мамлекеттик ишканасына тез арада кант кызылчасын кабыл алуу пункттарынан кант кызычасын ташууга кошумча вагон бөлүп берүү.

Пикир

Оставить комментарий