• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

Кантта бөтөлкөлөшүн муунтуп өлтүрүп, өрттөп жиберүүгө аракет кылган киши кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 29.09.17. /Кабар/. Ысык-Ата районунун кызматкерлери таанышынын өлүмүнө шектүү адамды кармашкан. Бул тууралуу Чүй облусунун ИИБнен кабарлашты.

Маалыматка ылайык, 2017-жылдын 17-сентябрында Кант шаарындагы кароосуз калган имараттын ичинде күч колдонуп өлтүрүлгөн адамдын сөөгү табылган. Иликтөөнүн жүрүшүндө маркумдун өздүгү такталып, ал 1978-жылы туулган К.В., аттуу жергиликтүү аял болуп чыккан. Аялдын туугандары билдиришкендей, ал психикалык жактан жабыркап, селсаяктык жашоодо жашаган.

Аталган факты боюнча кылмышка шектүү катары 1984-жылы туулган Б.Н., кармалган. Ал кылмышты мойнуна лган. Анын айтуусу боюнча, алар маркум экөө спирт ичимдигин ичип, чырдаша кетишкен. Жыйынтыгында аялды бир нече жолу уруп, андан соң муунткан. Окуяны жашыруу үчүн кылмышка шектүү аялдын денесин өртөөгө аракет кылган.

Учурда аталган факты боюнча кылмыш иши козголду.

Пикир

Оставить комментарий