Кантта Каржы полициясы тарабынан кармалып, айып аянтчасына коюлган эки унаа уурдалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 07.09.20. /Кабар/. Кантта Экономикалык кылмыштар менен күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы тарабынан кармалып, айып аянтчасына коюлган (аткезчилик жол менен алынып келген) эки унаа уурдалды. Бул маалыматты "Кабар" агенттигине Экономикалык кылмыштар менен күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы ырастады.

Каржы полициясы билдиргендей, 3-сентябрь күнү "ДАФ" үлгүсүндөгү унаа токтотулуп, анын жүк бөлүгүндө "Тойота Альфард" жана "Хонда Элюзион" үлгүсүндөгү оң рулдуу унаалар аныкталган. Алар документтерде унаа тетиктери катары көрсөтүлгөн.

Бул факт Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестринде Кылмыш кодексинин 230-беренесинин 1-бөлүгү боюнча каттоого алынган.

Кийинки күнү сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында аталган унаалар текшерилип, далил буюм катары Люксембург айылындагы (Чүй облусу) айып аянтчасына кароого коюлган.

Бирок 6нан 7-сентябрга караган түнү белгисиз адамдар каракчылык жолу менен ал унааларды айып аянтчасынан уурдап кетишкен. Ага байланыштуу аталган факт боюнча Ысык-Ата райондук милициясы сотко чейинки өндүрүш ишин баштаган.

Пикир

Оставить комментарий