• 88.26
  • 95.98
  • 0.97

Кулматов менен Ибраимовдун иши. "Дастан" ТУК өкүлүнүн сурагы башталды

Укук тартиби 0

Бишкек, 01.07.19. /Кабар/. Бүгүн Бишкектин Ленин райондук сотунда экс-мэрлер Албек Ибраимов, Кубанычбек Кулматов жана 10 айыпталуучунун ишин кароо уланууда.

Отурум "Дастан" транс улуттук корпорациясынын – жабырлануучу тараптын өкүлүнөн сурак алуу менен башталды.

Юридикалык бөлүмдүн жетекчиси белгилегендей, тергөө 470 миң доллар зыян келтирилгенин аныктаган.

"Бүгүнкү күнү зыяндын орду толтурулган эмес. "Дастан" "Туризмаштан" шаймандарды 180 доллардан алган. Ошол эле учурда "Дастан" ТУК менен "Дастан инженеринг" ортосунда 6600 долларга келишим түзүлгөн", - деди ал.

"Дастан" ТУК өкүлү ошол эле шаймандар мурда кайсы баада сатып алынып келгенин айта алган жок.

Тергөөнүн баамында, Ибраимов "Дастан" ТУК директорунун милдетин аткаруучу болуп турганда мамлекеттин кызыкчылыгына туура келбеген келишим түзгөн. Торпедалардын пайдасыз жана "Солнечный берег" пансионатынын сатылышы айтылат.

Эскерте кетсек, Бишкек шаарынын экс-мэрлери Кубанычбек Кулматов менен Албек Ибраимов, мэриянын Капиталдык курулуш башкармалыгынын мурдагы жетекчиси С.О. жана жеке компаниялардын башчылары К.Ш. жана С.А. 303-берене ("Коррупция") боюнча айыпталышууда.

Бишкектин экс-мэри Кулматов өтүп жаткан иштер боюнча, мамлекетке келтирген зыян 94 млн. 884 миң сом деп бааланууда.

Ал эми Ибраимов "Дастан" ТУК каражаттарын сарптоо жана муниципалдык жер тилкелерин берүүдө коррупция боюнча айыпталууда.

Пикир

Оставить комментарий