• 87
  • 90.41
  • 0.84

Каныбек Осмоналиевдин байгесине арналган оор атлетика боюнча эл аралык мелдеш жыйынтыкталды

Спорт 0

Бишкек, 20.12.22. /Кабар/. Бишкекте Каныбек Осмоналиевдин байгесине арналган оор атлетика боюнча эл аралык мелдеш жыйынтыкталды. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 16-19-декабрь күндөрү Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда эркектер жана кыз-келиндер арасында оор атлетика боюнча 1980-жылы өткөн Олимпиада оюндарынын жеңүүчүсү, оор атлетика боюнча дүйнөнүн төрт жолку чемпиону жана Европанын эки жолку чемпиону Каныбек Осмоналиевдин байгесине арналган оор атлетика боюнча эл аралык мелдеш өттү.

Мелдешке эркектер арасында 55, 61, 67, 73, 81, 89, 96, 102, 109, +109 кг салмак категорияларда, кыз-келиндер арасында 45, 49, 55, 59, 64, 71, 76, 81, 87, + 87 кг салмак категорияларында Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Россия жана Нидерланддан келген 128 спортчу катышты.

Мелдештин биринчи күнү салтанаттуу ачылыш аземи өтүп, ага Дене тарбия жана спорт департаментинин директорунун орун басары Самат Токтоналиев, ЖК депутаты Шайлообек Атазов, Каныбек Осмоналиевдин жакындары жана санаалаштары катышты.

Чемпионаттын жыйынтыгы:
Кыз-келиндер арасында:
45 кг
1-орун – Айпаша Казлова (Ош).
49 кг
1-орун – Сысырат Санжиева (Забайкал КР РФ);
2-орун – Айдай Амангелдиева (Ош);
3-орун – Нуржаз Жусупова (Ынтымак).
55 кг
1-орун – Актоты Канашева (Алматы);
2-орун – Гүлнур Ыбрай (Казакстан).
59 кг
1-орун – Шынар Жапар (РКС А-АТА);
2-орун – Раушан Суйунбек (Тараз).
64 кг
1-орун – Наиля Мухамедалиева (Алматы);
2-орун – Аружан Мурат (Казакстан);
3-орун – Ирина Никоноррова (Казакстан).
71 кг
1-орун – Татьяна Мельниченко (Бишкек);
2-орун – Айдана Женисбаева (Алматы).
76 кг
1-орун – Анжела Чакарова (Казакстан);
2-орун – Аянат Жумахали (Алматы).
81 кг
1-орун – Марта Давлетиярова (Алматы);
2-орун – Овервлит Мита (Нидерланды).
87 кг
1-орун – Саня Ормонбаева (Алматы);
2-орун – Анжела Платова (Бишкек).
87 + кг
1-орун – Канымжан Алмазбек кызы (РСК).
Эркектер арасында:
55 кг
1-орун – Озабек Нафасов (Өзбекстан);
2-орун – Эрбол Сарпашев (Кок-Сай РСК);
3-орун – Эрнис Бакытбеков (Орловка).
61 кг
1-орун – Ишембек Муратбек уулу (РСК);
2-орун – Упенбергер Алиев (Алматы);
3-орун – Диёржон Фаттаев (Өзбекстан).
67 кг
1-орун – Сайрамкез Акмолда (Казакстан);
2-орун – Мухамадали Тажидинов (УКМК Чек-Ара Баткен);
3-орун – Кубаныч Муратбеков (КНУ).
73 кг
1-орун – Али Нурбай (Алматы);
2-орун – Рауан Ауесхан (Алматы);
3-орун – Азамат Жайлобек уулу (СДЮШОР).
81 кг
1-орун – Алибек Рахымберди (Алматы);
2-орун – Ренат Баударбеков (Казакстан);
3-орун – Курванжан Кочкаров (Бишкек).
89 кг
1-орун – Игорь Изотов (Забайкал РФ);
2-орун – Фарух Шакиржанов (Токтогул);
3-орун – Батнер Жамалбек (Алматы).
96 кг
1-орун – Тимур Добышев (Забайкал. РФ);
2-орун – Данил Бетехтин (Алматы);
3-орун – Эльнур Сатыбалдиев (РСК).
102 кг
1-орун – Султан Мейрам (Алматы);
2-орун – Чынгыс Сагындыков (Алматы);
3-орун – Жайнадар Кидралиев (Алматы).
109 кг
1-орун – Андас Самарканов (Казакстан);
2-орун – Вячеслав Шайнуров (Бишкек).
109 + кг
1-орун – Диас Кенес (Алматы);
2-орун – Дауилбек Аймырза (Казакстан);
3-орун – Бектур Мавлянов (Бишкек).

Пикир

Оставить комментарий