• 87
  • 90.64
  • 0.85

Каныбек Туманбаев III даражадагы “Манас” ордени менен сыйланды: ири долбоорлордун ийгилиги таанылды

Коом 0

Бишкек, 23.12.24. /Кабар/. Бүгүн "Ынтымак Ордодо" өлкө башчысы Садыр Жапаров президенттин Иш башкармалыгынын жетекчиси Каныбек Туманбаевди III даражадагы "Манас" ордени менен сыйлады.

Учурда өлкөдө президент Садыр Жапаровдун демилгелери аркылуу ар кандай багытта өнүгүүлөр болууда. Мамлекет башчысынын тапшырмаларын ийгиликтүү аткарган негизги аткаруучулардын бири – Каныбек Туманбаев, ал президенттин иш башкаруучусу болуп дайындалган күндөн тартып көптөгөн маанилүү долбоорлорду ишке ашырууга активдүү катышып келет.

Акыркы жылдарда президент Садыр Жапаров инфратүзүмдү өнүктүрүүгө, социалдык тармакты жана жарандардын жашоо шарттарын жакшыртууга багытталган демилгелерди активдүү алга жылдырууда. Башкы милдеттердин бири мамлекеттик объектилерди модернизациялоо, жаңы имараттарды куруу жана социалдык инфратүзүмдү жакшыртуу болуп саналат. Президент өзүнүн тапшырмалары менен стратегия түзүп, аны мамлекеттик түзүмдөр натыйжалуу ишке ашырууда.

Президенттин иш башкаруучусу катары Каныбек Туманбаев тапшырмаларды аткарууда орду чоң. Анын жетекчилиги астында мамлекеттик мекемелердин материалдык-техникалык базасын жакшыртуу жана жаңы объектилерди куруу боюнча ири иштер аткарылды, мисалы, ипотекалык үйлөрдү куруу алдыга жылды, санаторийлер, билим берүү мекемелери жана маданий объектилер оңдолууда.

Каныбек Туманбаев жүздөгөн ири долбоорлорду ишке ашырууну көзөмөлдөйт. Жасалып жаткан иштер жарандардын шарттарын жакшыртуу, жаңы жумушчу орундарын түзүү жана социалдык туруктуулукту сактоо максатын көздөйт.

Президенттин тапшырмаларын так аткарган президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаевдин аракети менен ишке ашкан долбоорлордун баарына токтолбой, негизгилерин атап өтсөк:

  • президенттин жаңы администрациясы курулду, бул өлкөдөгү саясий башкарууну жаңы деңгээлге көтөргөн абдан масштабдуу долбоор;
  • Кыргыз Улуттук илимдер академиясы жаңыланды, бул илимдин өнүгүшүнө жана билим берүү тармагында жаңы мүмкүнчүлүктөрдүн ачылышына өбөлгө түздү;
  • Ысык-Ата санаторийи толук капиталдык оңдоп-түзөөдөн өттү, бул жерлер жарандар үчүн ден соолукту чыңдоочу жайлар катары жакшыртууга багытталган;
  • Москвадагы “Кыргызстан” павильону капиталдык оңдоп-түзөөдөн өттү, Кыргызстанды дүйнөгө таанытуу үчүн маанилүү платформа болуп саналат.
  • Кыргызстан боюнча 40 миңден ашык ипотекалык батирлер курулууда, бул жарандардын жашоо шарттарын жакшыртууга жана турак жай көйгөйүн чечүүгө багытталган чоң иш-аракет.
  • Чолпон-Ата шаарындагы “Акылман” президенттик лицейи ишке берилди, бул өлкөдөгү билим берүү тармагын өнүктүрүү үчүн маанилүү кадам;
  • Ак-Суу районундагы “Жыргалаң” санаторийи жаңыланды, жарандардын ден соолугуна кам көрүүгө жакшы шарттар түзүлдү;
  • Кыргызстан-Азербайжан достук сейил багы салынды”, бул эки элдин достугун жана кызматташтыгын бекемдеген маанилүү символ;
  • Бакиевдин үйүнүн ордуна “Келечек” балдарды реабилитациялоо борбору курулду, балдардын ден соолугун калыбына келтирүү үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөр түзүлдү;
  • Баткен окуясында жабыр тарткандарга жаңы үйлөр курулуп берилди, бул аймактагы жарандардын жашоо шарттарын жакшыртууга көмөк көрсөттү;
  • Чолпон-Ата шаарында сейил бак салынды, шаардыктардын эс алуусу үчүн шарттар түзүлдү;
  • Чолпон-Ата шаарында жайгашкан Ибн Сина атындагы балдардын Республикалык реабилитациялык борборунун имаратын куруу иштери аяктап, комплекс ишке кирди, балдардын ден соолугун калыбына келтирүү жана реабилитациялоо үчүн маанилүү объект;
  • Э. Гареев атындагы Ботаникалык бак оңдоп-түзөөдөн өттү, бул жер экологиялык тармакты өнүктүрүү үчүн маанилүү иш-аракет болуп калды.

Президенттин иш башкармалыгына караштуу мекемелердин жана санаторийлердин өнүгүүгө карай иштери байкалууда:

1. "Учкун" ААК - 2024-жылы өндүрүш жана финансылык көрсөткүчтөрдө чоң өсүш байкалган (2234%). Мындан тышкары, техникалык базаны чыңдоо максатында 2023-жылы 176 миллион сомго жаңы жабдуулар алынган, ал эми 2024-жылы акциздик марка басып чыгаруу үчүн дагы жаңы жабдуулар алынган;

2. Клиникалык оорукананын жетишкендиктери - оорукананын инфраструктурасы жаңыланып, көптөгөн бөлүмдөрдө капиталдык оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлдү. Бул жаңыланган бөлмөлөр жана жаңы жабдуулар медициналык кызмат көрсөтүүнүн сапатын жакшыртууга өбөлгө түздү

3. "Кыргыз деңизи" санаторийи - санаторий кирешеси 133%га өстү. Кызматкерлердин эмгек акысы 70%га жогорулады жана жаңы шарттар түзүлдү. Санаторийде санариптештирүү багытында көптөгөн иш-чаралар жүргүзүлдү. Мындан тышкары, Ысык-Көл боюнча эң ири бассейн курулуп, башкы корпустун фасады жаңыланды.

4. "Ала-Арча" жаратылыш паркы Кыргызстандагы ийгиликтүү жаңылануу мисалы болуп, 2022-жылы 51 млн сом киреше тапса, 2024-жылы 230 млн сомго жетти. Паркта инфраструктураны жакшыртуу жана санарип чечимдерди киргизүү аркылуу киреше бир нече эсе өстү. Мейманканалар, дарылоо борбору, экологиялык таза эс алуу чечимдери, жана заманбап инфраструктуралар жаңыланып, туристтер үчүн ыңгайлуу шарттар түзүлдү. Алдын ала пландарда экологиялык таза мейманканалар, электр унаалар, жана асма жолдор курулушу каралууда. "Ала-Арча" паркы Кыргызстандагы туристтик потенциалды жогорулатуу менен экономикага салым кошууда.
5. "Жыргалаң" санаторийи - бюджеттин өсүшү жана санаторийдин абалынын жакшыртылышы тууралуу маалымат берилди. 2022-жылга салыштырмалуу 1060% өсүш жана жаңы доорго өтүү белгиленди.
6. "№2 Мамлекеттик резиденция" 2024-жылы 80 млн сомдон ашык киреше тапты, 2022-жылы 35 млн сом болгон кирешени эске алганда, чоң өсүштү көрсөткөн. Резиденциядагы жаңыланган инфраструктура, анын ичинде 9 имараттын реконструкциясы, тик учак конуучу аянтча, жаңы спорт аянтчалары, ресторан жана клиникадагы жаңылануулар мекеменин меймандар үчүн ыңгайлуулугун арттырды.

Мындан тышкары, коопсуздук системалары, жаңы жарык берүү жана сугат системалары орнотулду. Маданий борбор "Рух-Ордо" өлкөнүн маданий мурасынын символу болуп, туризмди жандантууда маанилүү роль ойнойт. 2025-жылга карата дагы бир нече модернизациялоо иштери, жаңы имараттардын курулушу жана санариптик технологиялардын колдонулушу пландалууда.

Иш башкармалыкка тиешелүү жогоруда аталган мекемелерден тышкары, жалпы эле ведомстволук уюмдарда өсүш бар. Бул боюнча жаңырган жыл менен жаңы маалымат берилет.
Ар жыл сайын айрыкча президенттин демилгелери боюнча жасалган иштердин натыйжасында, инфратүзүм гана эмес, экономикалык өсүш үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөр да түзүлүүдө. Модернизацияланган объектилерди жана жаңы объектилерди курууга басым коюу - бул өлкөнүн туруктуу өнүгүүсүнө багытталган маанилүү кадам:

1. Бишкек шаарындагы 45 миң орундуу стадион – Президент Садыр Жапаровдун жетекчилиги астында, өлкөдөгү спорттук инфраструктураны жакшыртуу максатында 45 миң орундуу жаңы стадион курулууда. Бул стадион дүйнөлүк деңгээлдеги спорттук иш-чараларды өткөрүүгө шарт түзөт.
2. Жаңы Ош базары – Бишкек шаарында жаңы заманбап базар курулууда. Ал жергиликтүү жана эл аралык соодагерлер үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүп, соода тармагын өнүктүрүүгө өбөлгө болот.
3. Жаңы автовокзал – Бишкек шаарында жаңы автовокзал курулууда. Бул долбоор жарандар үчүн транспорттук тейлөөнү жакшыртууну жана шаар аралык транспортту ыңгайлуу кылууну көздөйт.

Мындан тышкары, президенттин тапшырмасы менен ири долбоорлор ишке ашууда.

Каныбек Туманбаев тапшырмаларды гана аткарып койгон жок, ошондой эле алардын ийгиликтүү өркүндөшүн камсыз кылды, бул өлкөнүн жалпы өнүгүүсүнө чоң салым болуп саналат. Анын жетекчилиги астында Президенттин иш башкармалыгы туруктуу өнүгүү үчүн маанилүү болгон долбоорлорду ийгиликтүү ишке ашырууда.

Пикир

Оставить комментарий