• 88.68
  • 95
  • 0.95

Азыркы учурда этникалык кыргыздарды толук паспорттоштуруу жүрүп жатат – Улугбек Шүкүрбеков

Коом 0

Бишкек, 12.07.21. /Кабар/. Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров КРнын жарандыгы маселелери боюнча өзүнүн конституциялык ыйгарым укуктарын жүзөгө ашыруу максатында «Этникалык кыргыздар жана жарандыгы жок адамдар тарабынан Кыргыз Республикасынын жарандыгын алуунун жөнөкөйлөтүлгөн тартиби жөнүндө убактылуу жобо жөнүндө» жарлыкка кол койгон.

Жарлыкка ылайык, көчүп келип, жалпы жарандык ала албай жүргөн этникалык кыргыздар 2022-жылдын аягына чейин алышат.

КР президентинин администрациясынын жарандык боюнча комиссиясынын жооптуу катчысы Улугбек Шукуровдун айтымында, союз тарагандан бери биздин мекендештер коңшу өлкөлөрдө калып кетишкен, кийин кайра Кыргызстандын аймагына көчүп келүүнү чечишкен. «Бирок келгенден кийин түрдүү себептерден улам алардын көпчүлүгү паспорт жана жарандык ала алышпай келишкен. Муну менен катар өз алдынча паспорт алган көпчүлүк ата-энерелер өздөрү алышкандан кийин балдар автоматтык түрдө жаран болуп калышарын айтышып, балдарына документ алышкан эмес»,-дейт ал.

Шукурбековдун айтымында, көчүп келгендердин биринчи агымы 1993-жылга барып такалат. Көптөр балдары менен келишип, бирок жарандык алышкан эмес. «Бүгүн ал балдар чоңоюшкан. Бирок жарандык жана паспорт алуу маселеси чечилбеген бойдон калган. Ушуга байланыштуу этникалык көчүп келгендер өлкөдө социалдык кыйынчылыктарга дуушар болушууда. Алар жакшы билим, сапаттуу медициналык тейлөө ала алышпай, чет өлкөгө чыга алышпайт жана башка социалдык кыйынчылыктарга кабылышат. Бул жакка көчүп келип, балалуу болгондордун арасында төрөт үйүнөн төрөлгөндүгү тууралуу маалымкаттан башка эч кандай документтери жоктор бар экенин белгилей кетүү маанилүү. Президент Садыр Жапаров өзүнүн шайлоо алдындагы үгүт иштери учурунда бул маселени көтөрүп, тартипке салууну убадалаган. Азыркы учурда этникалык кыргыздарды паспорттоштуруу боюнча толук кандуу иштер жүрүүдө»,-деп белгиледи ал.

Улукбек Шүкүрбеков ошондой эле жаңы жарлык этникалык кыргыз мигранттарынан тышкары 1978-жылкы паспорту менен калгандарга дагы тиешелүү экендигин айтты. КР президентинин администрациясынын жарандыгы боюнча комиссиянын жооптуу катчысынын айтымында, мындай жарандар дагы арбын.

“Жалпысынан болжол менен 5 миң адамдын документин тартипке салууну пландап жатабыз. Азыр жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдары жана жооптуу ведомстволор бул багытта иштерди жүргүзүшүүдө. Жарлыкка ылайык, паспорт берүү 2022-жылдын 31-декабрына чейин уланат. Көчүп келгендердин көпчүлүгү Чүй, Жалал-Абад жана Ош облусунун аймактарында жашашат”,-деди Шукурбеков.

Пикир

Оставить комментарий