• 86.2
  • 91.64
  • 0.89

Капиталын 600 млн сомго көтөрө албаган банктар микрокаржы компаниясына өтүш керек – КРУБ

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек. 03.06.19 /Кабар/. Капиталын 600 млн сомго чейин көтөрө албаган банктар микрокаржы компаниясына өтүүгө тийиш. Бул тууралуу Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов Жогорку Кеӊештин Бюджет жана финансы боюнча комитетинде Улуттук банктын 2018-жылдын иши жөнүндө маалымат угулуп жатканда билдирди.

Анын айтымында, ушу тапта Кыргызстанда 25 коммерциялык банк бар, бул жетиштүү. Алардын ар биринин ээлеген орду, тейлеген кардарлары бар. Алардын арасында 2-3 банк мүмкүнчүлүгү жоктугуна байланыштуу Улуттук банктын капиталдаштыруу талабы боюнча милдеттенмелерин аткара албайт.

«Биз жаӊы мыйзам кабыл алып жатканда, мындай учурлардын алдын алуу механизмдерин киргизе кеткенбиз. Мисалы, банктын капиталын 600 млн сомго чейин көтөрө албайбы, анда банк микрокаржы компаниясына өтүшү керек», - деди ал.

Депутат Таалайбек Масабиров адегенде Улуттук банктын карамагына алынып, андан кийин өз алдынча койо берилген «Росинбанкка» карата абалына кызыкты.
Улуттук банктын төрагасынын айтымында, банктын капиталы эки эсе көбөйтүлүп, азыркы учурда 4 млрд 550 млн сомго чейин жеткенин билдирди.

«Ошону менен бирге, Улуттук банктын «Росинбанктагы» үлүшү да 85 пайыздан 95 пайызга чейин көбөйтүлдү. Анын каржы раногунда башка банктарга жолтоо болбошу үчүн биз аны ипотека менен курулуш тармагын тейлөө кызматына койдук. Ал азыр Мамлекеттик ипотекалык компаниядай эле 6 пайыздуу үстөк менен насыя каражаттарын бере баштады», - деди ал.

Андан тышкары, бир катар депутаттар Мамлекеттик ипотекалык компаниясынын 2 пайыз көлөмүндөгү маржасын алып салуу зарылдыгын белгилешти. Алардын пикиринде, эгерде «колкесер» алынып салынса, андан азыркы 6 пайыздуу үстөк 4 пайызга чейин төмөндөмөк.

Мындай пикирге кошулган Толкунбек Абдыгулов маржа маселесин карап көрүү керектигин билдирди.

«Азыркы учурда Мамлекеттик ипотекалык компания ортомчу катары иштеп жатат. Андан тышкары, турак-жай берүү багыты бар. Жакында биз сунуш кылган мыйзам кабыл алынып калса, анда турак жай аманат кассалары түзүлүп, насыя эле бербестен, баштапкы мүчөлүк акыларды жыйноо менен, депозиттик каражаттарды тарта баштайт. Ошондой эле, эл аралык донорлор менен иштешип, жалпы портфелге каражаттарды тартууга киришет», - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий