• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

ЖК депутаты Гидромет кызматы аба ырайы тууралуу маалыматты Google тутумунан алат деп эсептейт

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 21.02.18. /Мехриниса Сулайманова – Кабар/. Жогорку Кеңештин депутаты Наталья Никитенко Гидромет кызматы аба ырайы тууралуу маалыматты Google алат деп эсептейт. Бул тууралуу ал ЖКнын жыйынында билдирди.

Никитенко билдиргендей, такталбаган маалымат жана сапатсыз байкоо жүргүзүү үчүн жоопкерчиликти күчөтүүдөн мурда кызматтар үчүн иштөө шартын түзүү керек.

“Кээде мыйзамдар боюнча демилге көтөрүлөт. Бирок кээде биз арабаны аттын алдына коебуз. Белгилүү бир аракеттери үчүн административдик кодекске жаза киргизүүнү бул учурда бурмаланган маалымат үчүн мен алгач эле бул кызматтардын абалы кандай жана алардын өнүгүү жөндөмдүүлүгү барбы деген суроо коймокмун”,-деп билдирди ал.

Никитенко билдиргендей, алардын иштеп кетүүсү үчүн өнүгүү программасына өзгөртүү киргизүү керек.

“Мен Гидромет кызматынын бир нече станциясын көргөнмүн. Алар аянычтуу абалда. Менимче алар спутник каналдары аркылуу Google алып, калкка таратат”,-деп кошумчалады эл өкүлү.

Пикир

Оставить комментарий