• 87
  • 90.41
  • 0.84

Кар көчкү түшкөн Каракол-Эңилчек унаа жолу толук ачылды — ӨКМ

Аймак 0

Бишкек, 16.02.22. /Кабар/. Каракол-Эңилчек унаа жолунун 80-81-чакырымында 14-февраль күнү саат 12:00дөр чамасында көлөмү болжол 6000 куб метр кар көчкү түшүп, унаа жол жабылган.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, кар көчкүдөн жабыркагандар катталган жок.

Тартылган техникалардын жардамында 14-февраль күнү саат 17:00дө унаа жолу бир тараптуу ачылып, 15-февраль күнү саат 16:00дө жол толугу менен тазаланып ачылган.

Пикир

Оставить комментарий