• 87.45
  • 90.05
  • 0.85

Кара-Балтада көмүрдүн баасы жылдагыга салыштырмалуу арзан

Аймак 0


Бишкек, 19.12.24. /Диана Айдарова - Кабар/. Кара-Балта шаарында буга чейин жай мезгилинде эле көмүрдүн тоннасы 6 миңден сатылса, быйыл кычыраган кыштын күнүндө 5 миң 800 сомдон сатылууда. Бул тууралуу “Кыргызкөмүр” мамлекеттик ишканасы тарабынан ачылган көмүр кампаларынын иши менен таанышуу учурунда белгилүү болду.

Маалымдалгандай, көмүргө болгон баа баа мамлекет тарабынан көзөмөлдөнүүдө.

Пресс-турдун алкагында жергиликтүү көмүр кампанын жетекчиси Ринат Орозов төмөнкүлөргө токтолду:

“Буга чейин жеке ишкер катары өз алдымча көмүр сатып иштечүмүн. Мамлекет тарабынан калкты сапаттуу жана арзан көмүр менен камсыздоо максатында ачылган көмүр кампада баасы арзан болгонуна байланыштуу октябрдан бери тынымсыз иштеп жатабыз. Негизи көмүрдү эл көп алган учур бул октябрь айы. Мына ошондо саатына 90 тоннага чейин сатып жаттык. Ошондо да иш үзгүлтүккө учурап, көмүр калбай калган учур болгон жок. Техникалар тынымсыз иштеп жетишип жатты. Азыр деле күнүнө 40-50 тоннадан сатып жатабыз",-деп белгиледи.

Ал ошондой эл, көмүр кампада сатылган Кара-Кече кенинин көмүрү сапаты жагынан да жакшы экенин жергиликтүү тургундар айтып жатканын белгиледи.

“Мурда жеке ишкер катары иштеген маалда, көмүрдү мындан бир топ эле кымбат сатчумун. Бирок бүгүнкү күндө биз баасынан эмес, көп сатылган үчүн массадан пайда таап, ошону менен бирге элдин батасын алып жатабыз”, - деп кошумчалады Орозов.

Белгилей кетсек, бүгүнкү күндө Чүй облусунда “Кыргызкөмүр” мамлекеттик ишканасы тарабынан ачылган жалпы 14 кампа бар. Анын ичинен Жайыл районунда 3 кампа, Сокулук районунда 4 жана башка райондордо 10 көмүр кампалары иштеп жатат.

Пикир

Оставить комментарий