• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Кара-Балтада окуучулар арасында массалык мушташ орун алып, бирөө ооруканага түшкөн

Ден соолук 0

Бишкек, 14.02.22. /Кабар/. Кара-Балтада окуучулар арасында массалык мушташ орун алып, бирөө ооруканага түшкөн. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Билдирүүгө ылайык, 2022-жылдын 13-февралында саат 17:21 чамасында Жайыл райондук ички иштер бөлүмүнө Кара-Балта шаарынын биринде жайгашкан стадиондо жаш балдар мушташып жаткандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн. Ошол эле күнү 2007-жылы туулган Д.А. аттуу жаран аймактык ооруканага денесинен жаракат алып түшкөнү тууралуу маалымдалган.

Бул факты Жайыл районунун ички иштер бөлүмүнө катталган.

Алдын ала маалыматтарга караганда, Жайыл районунда жайгашкан эки мектептин 7-8-класстарынын окуучуларынын ортосунда мушташ чыккан. Натыйжада 2007-жылы туулган Д.А. аймактык ооруканага жеткирилген. Анын апасы белгисиз адамдарга чара көрүү фактысы боюнча арыз менен кайрылган.

Милиция кызматкерлери бул окуянын бардык катышуучуларынын өздүгүн такташты.

Учурда тергөө иштери уланууда. Материал боюнча экспертизалар дайындалды.

Пикир

Оставить комментарий