• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Кара-Балтада "Зилан Эверсун Текстиль" текстиль фабрикасы ачылды

Экономика 0


Бишкек, 18.07.24. /Айпери Кожоева – Кабар/. Кара-Балта шаарында "Зилан Эверсун Текстиль" текстиль фабрикасынын салтанаттуу ачылышы болуп өттү.

Иш-чарага Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров жана Өзбекстандын президенти Шавхат Мирзиёев онлайн форматта, Чүй облусунун башчысы Канат Жумагазиев, Өзбекстан жана Түркиядан келген инвесторлор катышты.

Садыр Жапаров менен Шавкак Мирзиёев ишкананын ачылышына старт беришти.

Жылына 3,300 тонна полиэстр жана лайкр кездемесин чыгарууну пландап жаткан ишканада учурда 155 жумуш оруну түзүлдү.

Фабриканын аянты 31,6 миң чарчы метрди түзөт. Ишкана өндүрүлгөн продукциянын 85 пайызы Өзбекстан, Казакстан, Россия сыяктуу өлкөлөргө экспорттолот.

“Биздин эң башкы максатыбыз калкка жумуш орундарын түзүп берүү болуп саналат. Жакынкы арада 600 иш оруну түзүлөт”, - деди иш-чарада сөз сүйлөгөн Чүй облусунун башчысы Канат Жумагазиев.

Пикир

Оставить комментарий