Бишкек, 27.06.24. /Кабар/. Кара-Көл шаарынын тургуну 2002-жылы туулган Салымбаев Ырыскелди Медербекович изделүүдө. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук милициясынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, ал үстүбүздөгү жылдын 18-майында Кара-Көл шаарынын Акынай көчөсү №2 дарегиндеги үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз болууда.
Учурда Салымбаев Ырыскелди Медербековичтин жүргөн жерин аныктоого мүмкүнчүлүк болбой жаткандыгына байланыштуу туугандары жана милиция аны табууга коомчулуктан жардам сурайт.
Өзгөчө белгилери: бою 165-170 см, кашы, көзү, чачы кара, кара-тору жүздүү, арык дене түзүлүштө.
Кийген кийимдери: кара түстөгү футболка, кара түстөгү спорттук шым, кара түстөгү кроссовки болгон.
"Дайынсыз болуп жаткан Ырыскелди Салымбаев тууралуу кандайдыр бир маалымат билгендер 102, (03746) 5-12-00, 0708 39 01 39 номерлери аркылуу кабарлап коюуңуздарды суранабыз", - деп айтылат маалыматта.
Пикир
Оставить комментарий