Ошто билим берүү кызматкерлеринин август кеңешмеси өттү

Аймак 0

Бишкек, 18.08.23. /Кабар/. Бүгүн, 18-августта Ош шаарында “Билим берүүнүн санарип платформасы жана жашыл көндүмдөр!” темасынын алкагында билим берүү кызматкерлеринин август кеңешмеси өттү.

Муниципалитеттен билдиришкендей, иш-чарага мэрдин орун басары Нурбек Кадыров, шаардык кеңештин депутаты Болот Баетов, Кыргызстан калкынын Ассамблеясынын Оштогу бөлүмүнүн төрөгасы Балтагул Нурунбетов, билим берүү башкармалыгынын башчысы Санталат Аматова, билим берүү мекемелеринин директорлору, мугалимдер жана балдар бакчаларынын тарбиячылары катышты.

Жыйында билим берүү тармагын өнүктүрүүгө багытталган аракеттер, ийгиликтер жана жаңы окуу жылында аткарылуучу милдеттер аныкталды.

Куттуктоо сөзүндө Нурбек Кадыров шаарыбызда акыркы 2-3 жылдан бери билим берүү тармагында жакшы ийгиликтер болуп жатканын белгилеп, шаардагы алдыңкы мектептердин жана бала бакчалардын кызматкерлерине ийгиликтери каалап, кадырман эмгеги үчүн баалуу белектерди тапшырды.

“Жылдын мыкты мугалими”, “Жылдын мыкты тарбиячысы” сынактарын 2 жыл катары менен Ош шаары багындырып жатканы жана “Алтын сертификат”, “Алтын тамга” ээлеринин санынын өсүшү, ЖРТнын республикалык жыйынтыгы боюнча биздин окуучу кызыбыз 1-орунга жеткени бизди өзгөчө сыймыктандырды. Бул жетишкендиктер үчүн агай-эжекелерге жана ата-энелерге ыраазычылык билдирип кетем. Ош шаарында окуучулардын саны көп болгон мектеп жана бала бакчаларга кошумча имараттар курулууда”, -деп билдирди Н. Кадыров.

Белгилей кетсек, Ош шаарында 88 жалпы билим берүүчү мектеп иштейт. Анын ичинен: билим берүү башкармалыгына караштуу 54 мектепте, 79 миң 112 окуучу билим алууда.

Бүгүнкү күндө 84 мектепке чейинки билим берүү мекемесинде 17 160 бала кабыл алынып, аларга 728 мугалим таалим-тарбия берүүдө.

Пикир

Оставить комментарий