• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

Ош Япониянын Осака шаары менен эки тараптуу мамилелерди өнүктүрөт

Аймак 0

Бишкек, 13.06.23. /Кабар/. Ош Япониянын Осака шаары менен эки тараптуу мамилелерди өнүктүрөт. Бул тууралуу Ош шаарынын мэринин орун басары Замир Юсуповдун Кыргызстандын Япониядагы ардактуу консулу Бунно Такаши менен болгон жолугушууусунда маалым болду.

Тараптар жолугушуунун жүрүшүндө экономикалык жана маданий-гуманитардык байланыштарды өнүктүрүү, билим берүү программаларын биргелешип иштеп чыгуу, тажрыйба алмашуу, боордош шаарлардын мамилелерин түзүү максатында өз ара аракеттенүү жаатында эки тараптуу кызматташуунун келечегин талкуулашты.

Бунно Такаши ардактуу консул катары ишмердүүлүгүнө токтолуп, Кыргызстандын жарандары үчүн Осакада чоң программадагы Нооруз майрамы уюштурулганын, анда катышуучулардын 70 пайызы Ош шаарынан болгонун жана Осака менен Ош шаарларынын ортосунда окшош тараптары бар экенин белгиледи.

Буга байланыштуу Япониянын экинчи чоң шаары Осака шаары менен эки тараптуу боордоштук мамилелерди өнүктүрүү сунушталды.

Өз кезегинде Замир Юсупов Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигеновдун атынан, жалпы Ош шаарынын тургундарынын атынан ыраазычылык билдирип, Ош шаарынын мэриясы эки тараптуу кызматташтыктын өнүгүүсүнө ачык экенин кошумчалады.

«Ош шаары алыскы жана жакынкы чет мамлекеттердин 23 шаары менен боордоштук мамилесинде жана алар менен бир тууган мамилелерин түзүү жолунда экономикалык, билим берүү, маданият, соода жана башка тармактарда биргелешкен долбоорлорду жана демилгелерди ишке ашырууга даяр. Бул максатта кызматташуу ниети боюнча меморандумду түзүү зарыл деп эсептейбиз», - деди З. Юсупов.

Бул максатта Япониянын жумушчу тобу Ош шаарынын күнүн майрамдоого арналган расмий иш-чарага чакырылды.

Пикир

Оставить комментарий