• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

Төрөбаев: Ысык-Көлдө полиэтилен буюмдарын колдонууга тыюу салуу этап-этабы менен жүргүзүлөт

Өкмөт 0

Бишкек, 13.06.23. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев президенттин тапшырмасына ылайык, айлана-чөйрөгө жана адамдардын саламаттыгына зыян келтирген желимден жасалган буюмдардан экологиялык жактан таза кагаздан жасалган буюмдарга өтүүнү министрлер кабинети этап-этабы менен жүрүзөөрүн билдирди.

Белгилей кетсек, Ысык-Көлдү сактоо жана биосфералык зонасынын экологиялык кыйроосун алдын алуу, ошондой эле экологиялык коопсуздукту камсыз кылуу максатында, президенттин “Ысык-Көлдүн экологиясын сактоо боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө” жарлыгы чыгарылган.

Ошондой эле Жогорку Кеңештин тармактык комитети “Кыргыз Республикасынын аймагында полимер пленкасынан пакеттерди жүгүртүүнү чектөө жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун экинчи окууда жактырды.

“Учурда президенттин жарлыгын ишке ашыруу максатында министрлер кабинетинин токтом долбоору даярдалууда. Бардык ченемдик укуктук актылар күчүнө киргенден тартып сунушталган нормаларды ишке ашыруу боюнча далилдүү иш алып баруунун мөөнөтү белгиленет жана чектөө чаралары этап-этабы менен киргизилип баштайт”, – деди Бакыт Төрөбаев.

Пикир

Оставить комментарий