Бишкек, 30.01.24. /Кабар/. Бүгүн, 30-январда Кара-Көл Жалпы дарыгердик практика борборунда мамлекеттик "Эл Аман" дарыканасы ачылды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, ачылуу аземине министрликтин Медициналык жардамды уюштуруу жана дары саясаты башкармалыгынын башчысы Нургуль Ибраева катышты.
Ибраева өз сөзүндө мамлекеттик дарыканаларды ачуунун негизги максаты, бул калктын жеткиликтүү дары-дармекке байланыштуу көйгөйлөрүн чечүү экенин белгилеп өттү.
Эскерте кетсек, ушуну менен жалпы республика боюнча "Эл Аман" мамлекеттик дарыканасынын саны 59га жетти.
Пикир
Оставить комментарий