• 87.45
  • 90.6
  • 0.86

Кара-Көлдө коронавируска каршы рейд өткөрүлдү

Аймак 0

Бишкек, 21.07.21. /Кабар/. Кара-Көл шаардык ички иштер бөлүмүнүн демилгеси менен шаар аймагында коронавирус илдетинин жайылуусуна бөгөт коюу максатында рейд өткөрүлдү. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, рРейдге Кара-Көл ШИИБдин начальниги Эрнист Молдокеев, мэрия, санэпидкөзөмөл борборунун жана шаардык оорукананын кызматкерлери катышып, санитардык нормалардын сакталуусу көзөмөлгө алынды. Анын алкагында кафе, ашкана, соода түйүндөрү, коомдук транспорттор, жеке автоунаалар текшерилди.

Рейддин жүрүшүндө тиешелүү талаптарды сактабаган коомдук тамактануучу жайлардын ээлерине эскертүүлөр берилди.

Ошондой эле шаар борборундагы мечитте санитардык талаптарды сактоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Милиция кызматкерлери мечиттеги жарандарды беткап тагууга үндөп, аралыкты жана жеке гигиеналык эрелерди сактоого чакырышты.

Пикир

Оставить комментарий