• 87.45
  • 90.6
  • 0.86

Кара-Көлдө коронавируска каршы түшүндүрүү иштери жүрүүдө

Аймак 0

Бишкек, 23.12.20. /Кабар/. Кара-Көлдө коронавируска каршы түшүндүрүү иштери жүрүүдө. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Кара-Көл шаардык ички иштер бөлүмүнүн жашы жете электер менен иштөө инспекциясынын кызматкерлери мектеп окуучуларына коронавируска каршы түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө. Жугуштуу илдеттин алдын алууда тиешелүү санитардык нормаларды сактоо керектиги эскертилүүдө.

Тартип сакчылары өспүрүмдөрдү жеке гигиеналык эрежелерди сактоого жана тазалыкка үндөп жатышат. Мындан сыркары кылмыштуулуктан алыс болууга, мыкты билим жана тарбия алуу менен келечекте кесипкөй адис болууга чакырышууда. Ошондой эле күн суук мезгилдерде жолдо жүргөн учурда этияттык менен акырын басуу жана жол эрежелерин так сактоо керектиги жеткирилди.

Ал эми шаар аймагындагы коомдук жайларда санитардык эрежелердин сакталуусу тиешелүү кызмат өкүлдөрү менен биргеликте көзөмөлгө алынып жатат. Атайын түзүлгөн топ тарабынан санитардык нормаларды сактабаган жайларга эскертүүлөр берилүүдө. Ошондой эле оорунун жайылуусуна бөгөт коюу үчүн ар бирибиз жоопкерчиликтүү мамиле жасоо керектиги айтылууда.

Пикир

Оставить комментарий