Кара-Кече көмүр кенинин аймагында көмүрдү байытуу заводу курулат

Коом 0

Бишкек, 30.10.23. /Кабар/. "Кыргызкөмүр" мамлекеттик ишканасы менен кытайлык "Жиксиу Ксинке Диншен Коал Вошинг Эквипмент" компаниясынын ортосунда Кара-Кече көмүр кенинин аймагында көмүрдү байытуу заводун биргелешип куруу жөнүндө келишимге кол коюлду.

Энергетика министрлигинен билдиришкендей, аталган келишим КР министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун Кытайдын Синьцзиян -Уйгур автономный облусуна болгон иш-сапарынын алкагындагы кызматташтыктын негизинде ишке ашырылууда. Келишимге "Кыргызкөмүр" МИнин директору Азамат Сеиткожоев жана кытайлык компаниянын директору Го Шу Цай кол койду.

Келишимде төмөнкүлөр каралган:

1. эки тараптуу бул келишимде Нарын облусунда жайгашкан "Кара-Кече" көмүр кенинин аймагында көмүрдү байытуучу заводдун курулушун биргелешип жүргүзүү жана тараптардын узак мөөнөттүү, натыйжалуу жана өз ара пайдалуу багыттагы долбоорлорду биргелешип ишке ашыруу.

2. Жалпы тажрыйбада аныкталгандай тараптар тең укукта, ишеним менен сый-урматтын алкагында өз эрктери менен кызматташууну ишке ашыруу.

3. Ушул келишимди ишке ашырууда тараптар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын алкагында ишмердик жүргүзүшөт.

Пикир

Оставить комментарий