• 87.99
  • 95.37
  • 0.97

Билим берүү министри ЮНИСЕФтин өкүлдөрү менен кызматташтыкты талкуулады

Билим 0

Бишкек, 30.10.23. /Кабар/. Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы өкүлүнүн милдетин аткаруучу Кристина Бруджиоло, билим берүү жана саламаттыкты сактоо бөлүмүнүн башчысы Томоя Сонода жана адис Чынара Куменова менен жолугушту.

Ведомствонун билдирүүсүнө караганда, тараптар Ислам өнүктүрүү банкы тарабынан каржыланган Билим берүү боюнча глобалдык өнөктөштүк (Global Partnership for Education) долбоорун талкуулашты, анда билим берүү уюмдарын куруу, окутуунун санариптик платформасын алуу, баштапкы кесиптик билим берүүнү колдоо каралган.

Ошондой эле жолугушуунун катышуучулары 2023-жылдын ноябрь жана декабрь айларына карата иш-чаралардын планын карап чыгышты.

Пикир

Оставить комментарий