Бишкек, 02.08.22. /Кабар/. Кара-Кечеде бүгүнтөн баштап көмүр жүктөө башталды. Бул тууралуу "Кыргыз көмүр" мамлекеттик ишканасынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, көмүр калкка жана Жылуулук электр борборуна (ЖЭБ) ташылып баштады.
"Кара-Кечеден чыккан көмүрдүн баасы 1 миң 450 сом. Кызматкерлер жеринде күнү-түнү иштеп жатышат. Баа саясатын бизге жүргүзүүгө тыюу салынган", - деп айтылат билдирүүдө.
Пикир
Оставить комментарий