• 87.45
  • 90.05
  • 0.85

Кара-Кулжа районунун Токбай-Талаа айылына өзгөчө кырдаал режими киргизилди

Аймак 0

Бишкек, 18.12.24. /Кабар/. Кара-Кулжа районундагы Токбай-Талаа айылына өзгөчө кырдаал режими киргизилди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Мындай чечим жергиликтүү тургундар үчүн таза суу үзгүлтүккө учурагандыгына байланыштуу түзүлгөн кырдаалды жөнгө салуу максатында кабыл алынды.

Белгилей кетсек, Токбай-Талаа айылына 8 чакырымдай алыстыктан таза суу тартылып келген түтүктөр сууктан улам тоңуп, 380 метр суу түтүгү иштен чыгып калгандыктан бир топ күндөн бери суу жетпей калган. Буга байланыштуу Кара-Кулжа району боюнча өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн бир өрт өчүрүүчү унаасы жергиликтүү калкка суу жеткирүү кызматын көрсөтүүдө.

Жерине барган өзгөчө кырдаалдар министринин биринчи орун басары Азамат Мамбетов райондук мамлекеттик администрация жетекчилиги, айыл аймак башчылары жана жергиликтүү тургундар менен жолугуп, кырдаалды жөнгө салуу иш пландары түзүлгөн.

Аталган таза суу системасы менен 4581 адам жашаган 894 кожолук, мектеп, бала бакча камсыздандырылат.

Пикир

Оставить комментарий