• 88.26
  • 95.98
  • 0.97

Кара-Кулжа райондук “Кадастр” бөлүмүнүн башчысынын милдетин аткаруучу кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 25.12.21. /Кабар/. Кара-Кулжа райондук “Кадастр” бөлүмүнүн башчысынын милдетин аткаруучу “А.М.Ж.” кармалды. Бул тууралуу КР УКМКнын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, УКМК сотко чейинки өндүрүштүн алкагында тергөө-ыкчам иш-чараларынын комплексин узак мөөнөттүү иштеп чыгууда жана ишке ашырууда, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренесинин 1-бөлүгүндө ("Коррупция") каралган кылмышты жасаган деген шек менен “Кадастр” ММ Кара-Кулжа райондук бөлүмүнүн башчысынын милдетин аткаруучу “А.М.Ж.” кармалып, КР УКМК тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Азыркы учурда тергөө иштери улантылууда.

Пикир

Оставить комментарий