• 87
  • 90.41
  • 0.84

Кара-Кулжа районунда облус башчысынын катышуусунда элдик жыйын өттү

Аймак 0

Бишкек, 11.04.22. /Кабар/. КР президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Зиядин Жамалдинов Кара-Кулжа районунун тургундары менен жолугушту. Бул тууралуу өкүлчүлүктүн басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, элдик жыйынга облустук мекеме-ишканалардын жетекчилери жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышты.

Жыйын суроо жооп ирээтинде өтүп, 500дөн ашуун адам катышты. Кара-Кулжа районунун тургундары жер, таза суу, сугат суу, айыл өкмөттөрдун ишмердүүлүгү, айылдагы көйгөйлүү маселелер, жайыт жана айыл чарба тармагындагы көйгөйлүү маселелер боюнча жалпы 100дөн ашуун суроо менен кайрылышты.

Ош облусунун башчысы облустук деңгээлде чечилүүчү маселелерди ыкчам чечүү боюнча тиешелүү мекемел башчыларына тапшырмаларды берди.

Эске салсак, буга чейин президент Садыр Жапаров облустагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө аймактагы жарандар менен жолугушууларды өткөрүү боюнча тапшырма берген. Ага ылайык Ош облусунун башчысы Зиядин Жамалдинов райондордо эл менен жолугушат.

Пикир

Оставить комментарий